Жер чырына аралашкан Кудайбергенов Улуттук статкомдун төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Бишкек мэринин мурдагы милдетин аткаруучусу Бактыбек Кудайбергеновду Улуттук статкомдун башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.Буга чейин Самат Насирдинов Улуттук статкомдун башчысы болчу, ал президенттин башка жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Бактыбек Кудайбергенов деген ким?

Бактыбек Кудайбергенов

Кудайбергенов 2012-жылы Ысык-Ата районунун акими, ал эми 2015-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегени белгилүү.

2019-жылы аткаминер Бишкекте жер тилкелерине байланыштуу чууда аты аталган. Прокуратура анда анын жубайы «уруксат документтери жок үй куруп алган» деп билдирген.

Кийинчерээк Бишкек мэриясы алардын үйүн сүрдүрүү үчүн мурдагы губернатордун үй-бүлөсүн сотко берген. kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, Кудайбергенов үйдү кошунасы Марат Акматалиевдин участогуна куруп, аны менен кошунасынын жер тилкесинин бир бөлүгүн басып алган.

Кудайбергенов 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан «Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирген. Эрмек Нургазиев* дагы ушул эле партиянын талапкери болгон.

*Февралда Нургазиев Бишкек мэринин м.а. болуп дайындалган, бирок кызматта бир күн эле отурган. Дайындалгандан кийин Нургазиев мүлк талашына байланыштуу чырга аралашып, аялга кол көтөрүүгө айыпталган. Анда Садыр Жапаров Инстаграмдагы барагына коррупциялык иштерге аралашкан саясатчыларды Бишкек мэрлигине коюу «мүмкүн эместигин» жазган. Мындан кийин эле Нургазиев кызматынан алынган.

2021-жылдын февралында Кудайбергенов Бишкек мэринин м.а. болуп дайындалган. Кудайбергенов дээрлик жарым жыл калаа башчысы болуп иштеген. Анда ал бул кызматта болгону бир күн иштеген Нургазиевдин ордуна дайындалган болчу.

Ал эми ошол эле жылдын августунда Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалган.