Бишкектин мэринин мурдагы м.а. Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болду

Бактыбек Кудайбергенов.

Бишкектин мэринин мурдагы м.а. Бактыбек Кудайбергенов президентин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган кызматты Алмаз Мамбетов ээлеп келген. Мамбетов 2-августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кудайбергенов Бишкектин калаа башчылык кызматында жарым жылга чукул убакыт болду. Ал болгону бир сутка калаа башчысы болуп кеткен чуулгандуу Эрмек Нургазиевдин ордуна дайындалган.

Бактыбек Кудайбергенов деген ким?

Кудайбергенов 2012-жылы Ысык-Ата районунун акими, ал эми 2015-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегени белгилүү.

2019-жылы аткаминер Бишкекте жер тилкелерине байланыштуу чууда аты аталган. Прокуратура анда анын жубайы «уруксат документтери жок у куруп алган» деп билдирген.

Кийинчерээк Бишкек мэриясы алардын үйүн сүрдүрүү үчүн мурдагы губернатордун үй-бүлөсүн сотко берген. kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, Кудайбергенов үйдү кошунасы Марат Акматалиевдин участогуна куруп, аны менен кошунасынын жер тилкесинин бир бөлүгүн басып алган.

Кудайбергенов 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан «Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирген. Эрмек Нургазиев дагы ушул эле партиянын талапкери болгон.

Материалды даярдаган: Темирлан Доктурбек уулу