«Бир күндүк мэр». Нургазиевдин ордуна Бишкектин мэринин м.а. болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды

Эрмек Нургазиев / Бактыбек Кудайбергенов

Премьер-министр Улукбек Марипов Эрмек Нургазиевди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу кылып дайындаган чечимин 10-февралда жокко чыгарды. Нургазиев бул кызматка 9-февралда дайындалган болчу.

Мариповдун башка жарлыгы менен мэрдин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Кудайбергенов 2012-жылы Ысык-Ата районунун акими, ал эми 2015-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегени белгилүү. Ошондой эле, Кудайбергенов 2019-жылдан тарта Улуттук статистика комитетинин Чүй облусундагы башкармалыгын жетектеген.

Өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ал «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 55чи болуп турган.

Бишкек шаарынын мэрлик кызматы Балбак Түлөбаев өз арызы менен кеткенден кийин бошоду — аткаминер президенттин иш башкармалыгына бара турганы айтылууда. Түлөбаевдин ордуна бул кызматка ишкер Нургазиевдин дайындалуусу коомчулукта нааразычылык жараткан. Буга Нургазиевдин алдамчылыкка жана аялды сабоого айыпталганы себеп болгон.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Инстаграм барагын «хулигандык, мүлк талаш иштери бар» адамдын Бишкек шаарынын жетекчиси катары «коюуга мүмкүн эмес» деп жазган. Ал эми Нургазиев Жапаровдун бул баракчасы «фейк» болгонун божомолдогон.