Бишкектин мэри: Өмүрбек Текебаевге кол салгандар үчүн автобус берилген эмес

Бишкек шаардык кеңешинин 10-декабрдагы отурумунда депутат Кадыр Атамбаев борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевден «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон күнү ачуулуу топко муниципалдык автобустарды ким бергенин сурады.

Жунушалиев автобустарда «ачуулуу топ ташылган» деген маалыматты төгүндөдү. Ал коомдук унаалар милиция кызматкерлерине берилген деп белгиледи. Ал эми Кадыр Атамбаев Текебаевге кол салуу болгон маалда автобустар жакын турганын белгилеп, анда милиционерлер деле ошол жерде жүргөн экен деген тыянакка келди.

«Автобустарды эч ким өткөргөн жок. Бишкек ШИИББден коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өздүк курамды ташуу үчүн транспорт бөлүп берүү тууралуу расмий телефонограмма келген. Биз укук коргоо органдарын ташууну камсыздоо үчүн ар бир РИИБге коомдук транспорт бөлүп бергенбиз», — деди калаа башчы.

Ошол эле учурда мэр Атамбаевден жаалданган топ автобустардан чыгып жатканы тууралуу фото же видео далилдер барбы деп сурады.

«Демек, бул автобустарда милициянын кызматкерлери болушкан?» — деп тактады Атамбаев.

Ал эми сүйлөшүүнү спикер Куванычбек Конгантиев бөлүп, күн тартиби менен иштөө керектигин билдирди.

«Сизде фото же видеофиксация жок. Мындай болушу мүмкүн эмес эле», — деп жооп берди мэр депутатка.

Текебаевге кол салуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

«ПолитКлиника» басылмасы 2-декабрда «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктаган. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Көп өтпөй Текебаевге кол салгандардын арасында жүргөндөр саясатчыдан кечирим сурашып, «чагымчылдык болуп кеткенин» билдиришкен. Текебаевден кечирим сурагандардын арасында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Бактияр Доконов жан Кайрат Чокеев да болгон.

Доконов жана Чокеев 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштеген.