«Чагымчылык болуп кетти». Текебаевге кол салгандардын арасында жүргөндөр кечирим сурашты

Текебаевдун кечирим сурап келгендер. Сүрөт: Атай Бейшенбектин Фейсбук барагы.

«Ата Мекен» партиясынын лидерине кол салган жерде болгон онго чукул адам Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашты. Бул тууралуу «Клоопко» партиянын басма сөз катчысы Динар Турдугулова билдирди.

«Партиянын штабына онго чукул адам Өмүрбек Текебаевден кечирим сураганы келишти. Текебаев аларды кечирди жана чиновниктердин азгырыгына алдырбоо кеңешин берди. Бирок Өмүрбек Чиркешович азырынча арызын албайт. Иш сотке жетип, бардык айтылчу сөз ошондо айтылат», — деди Турдугулова.

Ал эми кечирим сураганы келгендердин бири Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев өкмөт үйүнүн алдына Текебаевди «сабайлы » деп келбегенин, ортодон «кызыкдар адамдар аларды кагыштырууга аракет кылганын» белгиледи.

Кайрат Чокеев

«Сиз айткандай түшүнбөстүк болуп кетти. Ушул жердеги балдардын баары ошол жерде турганбыз. Биз тынчтыкты көздөп чыккан элек. Сабайын деп келсек башкача болмок да, элдин баарына көрүнүп турбайт болчубуз. Болгону ортодон чагымчылдык, туура эмес иштер болуп кетти. Биз элге түшүндүндүрүп коёлу дегенбиз. Өкмөт үйүнүн алдында бир саат турдук, бизге “Элди чочутпай “Консул” жакка туруп тургула” дегенинен, ошол жерге турганбыз. Ал жактан эле түшүнүксүз нерселер болуп кетти, өзүбүз түшүнбөй калдык», — деди ал.

Ал эми Текебаев кечирим сурап келгендер менен кармалган балага* «дооматы жок» экенин белгилеп, аны урган адам кармала электигин билдирди.

*Бишкек милициясы 2-декабрда Текебаевге кол салган деген жүйө менен бир адамды кармаган. Ага «Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен тоноо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Өмүрбек Текебаев.

«Менин силерге дооматым жок. [...] Силердин ниетиңер жакшы, бирок ушуну чагымчылар пайдаланып кетип жатат. Мен ИИМге кайрылат элем, иш сотко жетсе ал жерден да айтам, жанагы мени урду деген балага дагы дооматым жок. Ал мени урган жок. Мен беткабы болгону менен тааныйм. 40тарга чыгып калган, бою менден жапызыраак, дене түзүлүшү чымыр киши урду», — деди ал.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу жана Урмат Самаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

Өмүрбек Текебаев кол салууга туш болгондон кийин. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Ал эми соцтармактарда Текебаевге кол салуу учурунда тартылган тасма жарыяланган. Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат.

Окуядан кийин Текебаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушуп, «Ата Мекендин» лидерине кол салган кишилерди табууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчы Садыр Жапаровго жеткенин билдирген. Анын айтымында, Жапаров ИИМге бул окуяны «тыкыр иликтөөнү» тапшырган.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы комментарий берип, саясатчыга эч ким кол салбаганын, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май РИИБси «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүлөрдүн бирин кармаган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Текебаевге таандык телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берген.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

«ПолитКлиника» басылмасы «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктады. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турганын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты чындыкка дал келбейт деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Тема боюнча:

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды