Бир кадр менен: Валентина Шевченко Ош шаарында

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/"Клооп". 

Мушташтын аралаш түрү боюнча UFC версиясындагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов 12-декабрда Ош шаарына конду.

Шевченкону Ош аэропортунан күйөрмандары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош мэриясынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаев жана Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Замир Юсупов тосуп алды.

Спортчу алгач журналисттерге маалымат жыйын куруп, андан соң Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат.

Валентина Шевченко Кыргызстанга 21-ноябрда учуп келген. Ал 22-ноябрда борбор калаадагы «Аю Гранд» соода борборунда күйөрмандары менен жолуккан. Андан соң спортчуну өлкө башчысы Садыр Жапаров кабыл алган.

Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылы польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан кийин алты жолу чемптондук курун коргоп калган.