Футбол: Александр Крестинин Кыргызстандагы эң мыкты тренер аталды

Кыргыз футболдук союзу Александр Крестининди футбол боюнча Кыргызстандагы эң мыкты тренер деп тапты. KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Бишкекте өттү.

Александр Крестинин. 

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты.

Жапаровго кыргыз футболунун тарыхы жөнүндө архивдик сүрөттөр түшүрүлгөн альбом тапшырылды. Сүрөт: KFU 

Президент Жапаров футбол оюну мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин жайылтылса Кыргызстанды дени сак улут, күчтүү өлкөгө айландырууга салым болот деп эсептейт. Өлкө башчысы өз сөзүндө спорт тармагынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жан аябай аракет кылууга чакырды.

Крестинин деген ким?

Александр Крестинин — 2014-жылдан тартып Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу. Ага чейин эки жыл, 2010-2012-жылдары Кара-Балтанын «Нефтчи» футболдук клубунун тренери болгон. Биринчи эле жылы Крестинин жетектеген клуб Жогорку лиганын чемпиону болгон.

Александр Крестинин. Сүрөт: Денис Смирнов/ «Бишкекчанка» 

2017-жылы Крестинин борбор калаанын «Дордой» спорттук клубун жетектей баштаган. Анда «Дордой» төрт жыл катары менен өлкө чемпиону болгон. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында тренер «Дордойдон» кеткени маалым болгон. Клубдан болсо «Александр Крестининдин ээлеген кызматынан бошотуу өтүнүчү канааттандырылганын» билдиришкен.

Анткен менен Крестинин Кыргызстандын курама командасынын башкы тренери бойдон калды. Ал башкарган жылдар аралыгында 2019-жыл өзгөчө ийгиликтер менен коштолгон. Анда өлкө курамасы Азия Кубогунун 1/8 финалында ойногон. Азия Кубогу — бул Азия континентиндеги улуттук курама командалар арасындагы эң барктуу турнир болуп саналат.

Ошол эле 2019-жылы Крестинин жаңы төрт жылдык келишимге кол койгон. Келишим 2022-жылы аяктайт.