Улуттук адабият күнүндө бир катар калемгерлер сыйланды

12-декабрь жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө Улуттук адабият күнү белгиленди. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында поэзия кечеси жана республикалык «Алтын калем» сыйлыгын ыйгаруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, поэзия, проза жана драматургия жанрында ийгилик жараткан акын-жазуучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Жалпы «Алтын калем» сыйлыгы тогуз адамга ыйгарылды.

Поэзия жанры боюнча «Азаттык» үналгысынын журналистти Бурулкан Сарыгулова, коомдук ишмер Жедигер Саалаев жана акын Улукбек Омокеев сыйланды. Ал эми проза багытындагы сыйлыктарды Топчугүл Шайдуллаева, Арслан Койчиев жана Айдарбек Сарманбетов алды. Драматургия жанрында Капарбек Токтошев, Тыныбек Сыдыков жана Нурлан Абдрахманов жеңүүчү болду.

«Алтын калем» сыйлыгынын жобосун Кыргызстан жазуучулар союзу үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында жарыялаган. Анда адабияттын проза, поэзия, драматургия жанрлары боюнча үч жеңүүчү аныкталып, ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге тапшырылары айтылган.