COVID-19: Акыркы суткада үч бейтап каза болуп, 36 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирустан үч адам каза болду, илдеттен 40 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 36 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 19;
  • Чүй облусунда — 11;
  • Ош облусунда — 3;
  • Ысык-Көл облусунда — 3.

Ош шаарында, Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облусунда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 863кө жетти. Өлкө боюнча 178 905 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 773 адам көз жумду.

Учурда 321 бейтап ооруканада, ал эми 367 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14-декабрга карата 8 935 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 029 адам биринчи дозасын, ал эми 4 906 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.