Тепловоз алдында калып каза тапкан пакистандык. Милиция өлтүрүү версиясын төгүндөдү

Бишкекте тепловоздун алдында калып каза тапкан пакистандык Мухаммад Рамзандын жердештери социалдык тармактарда билдирүү таратышты. Алар анын өлүмү кокустук же өзүн-өзү өлтүрүү эмес, киши колдуу болду деп эсептешет.

Мухаммад Кыргызстандын Эл аралык университетинин медициналык мектебинин 2-курсунун студенти болгон. Ал 11-декабрда өзү окуп жүргөн окуу жайдан алыс эмес жердеги Лев-Толстой көчөсүн бойлоп өткөн темир жолдо тепловоздун алдында калган.

Пакистандык студенттер өз өкмөтүн жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бул окуяны иликтөөнү суранып жатышат. Социалдык тармактарда пакистандык коомчулук Мухаммадды алгач белгисиз адамдар тоноп, сабап, андан кийин темир жолго өлүмгө дуушар кылып калтырып кетишкен деп жазышууда.

Бирок, Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан бул маалымат чындыкка дал келбесин билдирип, жалган маалымат таратпоону өтүнүштү. Басма сөз кызматтан кошумчалашкандай, саат 14:00дөр чамасында Лев Толстой көчөсүндө темир жолду бойлой жумуштан келе жаткан Т.Б аттуу жаран чет өлкөлүк жарандын каза болгонуна күбө болгон.

«Күбөнүн айтымында, анын алдында 100 метрге чукул аралыкта бир жигит темир жолду көздөй бараткан бараткан. Белги берип тепловоз келе жатканы угулуп жаткан, бирок ал аны укпай темир жол тарапка кете берген, андан кийин эле аны тепловоз сүзүп кеткен», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ошондой эле Бишкек ШИИБи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыштар тууралуу жалган маалымат таратуу үчүн жоопкерчилик каралганын эске салды.