Уставдык капиталы 100 млн сом. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлдү

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 14-декабрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын түзүү тууралуу чечимге кол койгонун кабарлады.

Минкабдан улуттук холдинг президенттин кен казуу тармагын реформалоо боюнча жарлыгынын негизинде түзүлгөнүн түшүндүрүштү.

Холдинг эмне максатта түзүлдү?

Минкабдан түшүндүрүшкөндөй улуттук холдингтин негизги максаты — бул эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясынын негиздөөчүсү катары Каржы министрлиги чыгууда. Негизделгенден кийин компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

2022-жылы компаниянын капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

«Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкка Садыр Жапаров 2021-жылдын февралында кол койгон. Документ минкабды 2021-жылдын 1-июлуна чейин Кыргызстандын жаңы кен казуу Кодексин иштеп чыгып, парламентке киргизүүгө милдеттендирет.

Ага ылайык, мындан ары бир дагы чет элдик ишкана республикадагы кен байлыктарды иштетүүгө жаңы лицензия ала албайт. Кен казуу «уставдык капиталга мамлекет 100 пайыз ээлик кылган улуттук тоо кен компаниялары» тарабынан гана жүргүзүлөт.

Кен казуу ишмердүүлүгүндөгү реформанын дагы бир маанилүү өзгөртүүсү — бул чет элдик компаниялардын республиканын ичинде кен казууга жаңы лиценция алуусуна тыюу салуу.