«Ата Мекен» жана «Социал-демократтар» АСУнун жыйынтыгынын аныктыгын таануудан баш тартты

28-ноябрда парламенттик шайлоодо БШКнын сайтында үзгүлтүк орун алгандан кийин бир катар партиялардын өкүлдөрү АСУнун маалыматтарын көзкарандысыз текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

АСУдагы маалыматтарды текшерүүгө «Ата-Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ынтымак», «Азаттык», «Социал-демократтар (СД)» жана «Ордо» саясий партияларынын IT-өкүлдөрү катышты.

БШКдан түшүндүрүшкөндөй, партиялардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөтүү программасы иштеген newess.shailoo.gov.kg сайтынан алынган маалыматтардын мисалында тесттик сайт көрсөтүлгөн, ал жерде шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып турат.

«Андан соң алдын ала кыска маалыматтардын негизинде туура жана туура эмес скрипттердин визуализациясы салыштырылып көрсөтүлдү. Скрипттин убагы жана өзгөрүшү боюна скрин жасалып, шайлоо маалыматтарынын туурасы жана туура эмеси көрсөтүлгөндөгү алгоритмдин скрипти формула түрүндө көрсөтүлдү», — деп кошумчалашты коммисиядан.

Бирок «Ата Мекен» жана «Социал-демократтар» АСУдан алынган маалыматтар добуштардын саны жана пайыздары менен дал келгендигине макулдук берген протоколго кол коюудан баш тартышты. Бул маалыматты Фейсбук барагында «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дагы тастыктады.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев дагы «Клоопко» маек куруп, партия протоколго кол койбогонун, себеби ага макул эместигин айтты. Ал жолугушууда суроолоруна жооп ала албаганын да кошумчалады.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк

28-ноябрда, парламенттик шайлоо күнү, БШКнын сайтында автоматтык саноочу урналардын маалыматтарынын 80%дан ашыгы пайда болгондо системада ката кеткен. Бирок ага чейин эле БШКнын сайтындагы маалыматтарда кандайдыр бир туура эмес болуп атканы түшүнүктүү болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип, ал эми жеңген партиялардыкы — 130%дан ашып кеткен.

БШК бир аз убакытка маалыматтарды өчүрүп, кийинчерек, комиссиянын кызматеркерлеринин айтымында, ката оңдолгон. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар өзгөрүп кеткен. Кийин бир катар партиялар БШКга ишенбестик көрсөтүп чыккан. Алардын айтымында, кеп сайттагы формулада эле болгондо пайыздар өзгөрүп кеткенин түшүнүшмөк, а бирок добуштардын саны дагы өзгөрүп кеткен.

Алар кол санактын жыйынтыгынан да күмөн санашууда, себебеи БШКдагы үзгүлтүктөн кийин комиссияга ишене албай калышкан. Кийин бийлик жана БШК маалыматтарды дал келбей жатканы боюнча бир нече жолу түшүндүрмө берген. Боршайкомдун маалыматы боюнча, таблицадагы туура эмес формула партиялардын да, жеке талапкерлер үчүн берилген добуштарды да көп кылып көрсөткөн.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сайттагы катачылык шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган маалыматтардын көрүнүүсүнө эле таасир эткенин айткан. Ал алгачкы маалыматтар серверде сакталарын, аларды өзгөртүү мүмкүн эместигин баса белгилеген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгындагы талаштуу жагдайдан улам АСУнун жана кол санактын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү боюнча көз карандысыз топ түзүлгөн. Учурда аталган топ иштеп жатат.

7-декабрда БШК өзүнүн порталында кол санактын 100% жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, алдын ала парламентке төмөнкү партиялар өтүүдө, алар: «Ата-Журт Кыргызстан» (17,3%), «Ишеним» (13,63%), «Ынтымак» (10,99%), «Альянс» (8,34%), «Бүтүн Кыргызстан» (7,04%) жана «Ыйман Нуру» (6,15%).

Алар алган добуштарына карата 54 мандатты бөлүшүшөт. Калган 36 мандат бир мандаттуу округдардын талапкерлери арасында бөлүштүрүлөт.

Негизги беттеги сүрөт: Азаттык