COVID-19: Эки адам каза таап, 39 адамга вирус жукту

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 16-декабрга карата өлкөдө коронавирус жуктурган эки адам көз жумду. Илдет жуктуруунун 39 жаңы учуру катталды.

Коронавирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында — 18. Экинчи катарды Чүй облусу — 9. Ош жана Талас облусунда экиден киши илдетке кабылса, Ош шаары менен Баткен облусунда бирден адамга вирус жукту. Ысык-Көл жана Жалал-Абадда — 3. Нарын облусунда COVID-19 жуктуруунун жаңы учуру катталган жок.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 184 094 адамга вирус жуккан. Ал эми илдеттен 2 777 киши набыт болгон.

Бир сутка ичинде 43 адам айыкты, ушул тапта 313 адам ооруканада, 351 адам үй шартында дарыланып жатат. Ал эми пандемия башталгандан тартып жалпы 179 166 адам вирусту жеңип чыккан.

Өткөн суткада 9 954 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 4 409 киши вакцинанын биринчи дозасын алса, дагы 5 545 адам экинчи дозаны алды.