Кыргызстанда УКМКнын академиясы ачылат

Президенттин администрациясы Кыргызстанда УКМКнын академиясы түзүлөрүн маалымдады. Окуу жай генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ачылат.

Сүрөт: Султан Досалиев 

УКМКнын бардык билим берүү ишмердиги буга чейин эле ушул институттун базасында жүргүзүлүп келет. Институт 2011-жылы иштеп баштаган. 

Кыргызстанда болочоктогу мамлекеттик жана укук коргоо кызматкерлерин даярдаган адистештирилген окуу жайлар бар. Мисалы, ИИМ академиясы, юракадемия, дипакадемия, президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту жана башкалар.