Садыр Жапаров: Командам мамсистемада чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда

Президенттин басма сөз кызматы 15-декабрда Садыр Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларацияга кол коюлган күндөн тартып өткөн 31 жылдын урматына Мамлекеттик тарых музейинде мамлекеттик кабыл алуу уюштурганын маалымдады.

Кабыл алууда Жапаров «Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга багытталат» деп билдирди. Анын айтымында, бул саясат жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат.

Жапаров президент жана аткаруу бийлигинин башчысы катары кыргызстандын ар бир жаранынын алдында жоопкерчиликти сезе турганын кошумчалады.

«Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда», — деди ал.

Ошондой эле, президенттин айтымында, министрлер кабинетинин жаңы курамы, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу административдик кийлигишүүгө жол бербей, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке адилет жана таза шайлоо өткөрдү.

Жапаров өлкөнүн тышкы саясаты тууралуу да сөз кылып, коңшулар менен да, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташууну чыңдоо тышкы саясаттын приоритети экенин айтты.

Жарыяланган сүрөттө көрүнүп тургандай, расмий кабыл алууга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле белгилүү саясатчылар чакырылган. Арасында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы бар.