Бишкекте курулуш фирманын кампасынан чыккан өрттөн бир адам каза болду

17-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан курулуш фирманын кампасы өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мааламатка ылайык, кампадагы өрт түнкү саат 02:14 чамасында башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 50 чарчы метр ички жасалгасы күйүп кеткен.

Жерине ӨКМдин өрт өчүрүүчү бригадасы барып, таңкы саат 5:17де өрттү толук өчүрүштү. Кырсыктын кесепетинен 45-50 жаштардагы К.Н. аттуу эркек киши каза болду.

ӨКМден маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин белгиледи. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Кампа кайсыл курулуш компаниясына таандык экени азырынча белгисиз.

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттүн кесепетинен эки адам каза болгон. Новопакровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыгып, кароолчунун 6 чармы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.

6-декабрда дагы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болгон. Анда Чолпон-Атадагы Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү өрттөнүп, 63 жаштагы адам көз жумган. Өрт электр зымынын кыска чыналуусунан чыкканы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Ысык-Ата районунда кафеде чыккан өрттөн эки адам каза болду

Ысык-Көл: Электр зымынын чыңалуусунан чыккан өрттөн бир адам каза болду