Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурастар тизмесине кирди

Cүрөт: Элмурат Асан

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Маданият министрлигинен ал материалдык эмес маданият мурасын сактоодогу мыкты тажрыйба категориясына киргизилгенин маалымдашты.

Мындай чечим 16-декабрда Материалдык эмес, маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясында кабыл алынды. Сессияга маданият министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги тарых музейинен видеобайланыш аркылуу кошулду.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөн эле долбоор эмес, дүйнөлүк маданий мурас катары таанылды», —деп белгиледи ал.

«ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесинин наминациясына кошулуу материалдык эмес маданий мурастарды эл аралык деңгээлде таанытууга чоң өбөлгө болот», — деп белгилешти маданият министрлигинен.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Оюндарда спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин өзөгүн Борбор Азиядагы тарыхый көчмөн элдердин элдик оюндары түзөт.

Көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркия берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан уламубактылуу жылдырылган.

Көчмөндөр оюндарынан сырткары, Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес мурастарынын тизмесине 10 объект киргизилген, алардын арасында Сулайман-Тоо жана «Манас» эпосунун трилогиясы да бар.