Бишкек: Балдардын сүт ашканасында дээрлик бир айдан бери сүт жок болуп жатат

Социалдык тармактарда Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына караштуу Балдардын сүт ашканасында дээрлик бир айдан бери сүт жок болуп жатканы айтылды.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Салтанат Султангазиева камсыздоочулардын кызмат көрсөтүүдөн баш тарткандыктан Балдардын сүт ашканасында сүт жок болуп жатканына дээрлик бир ай болгонун тастыктады. 

Анын айтымында, тендерди уткан ишканалар сүттү бир жолу алып келгенден кийин эле кызмат көрсөтүүдөн баш тартып жатышат.

«Алар [жеткирүүчүлөр] башында макул болушат, бирок келишим түзүүгө барбай жатышат, себеби ал жерде күнүгө жаңы сүт алып келиши керек. Сүт муздак жеткирилиш керек, бир уйдун сүтү башка уйлардыкы менен аралашпашы керек», — деп түшүндүрдү Султангазиева.

Ал кошумчалагандай, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору сүт менен камсыздоо боюнча жаңы тендер жарыялап, бул жолкусун камсыздоочулардын бардык арыз-муңдары эске алынган.