Күрөш боюнча аялдар курамасынын тренери Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартылды

КТРКнын алдындагы «Кыргызтелефильм» киностудиясы күрөш боюнча аялдар курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма тартты. Бул тууралуу киностудиядан Sputnik.kg’ге кабарлашты.

Нурлан Изабеков. Сүрөт: Limon.kg

«Күрөш залы Нурбек Изабековдун көңүл ачуучу жайы, жумушу жана жашоосу болуп калды. Бүгүнкү эл аралык масштабдагы жылдыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы — машыктыруучунун тер төккөн эмгегинин, оор, ошол эле учурда бактылуу жолунун жемиши. Албетте, мында командасынын ар бир мүчөсүнүн салымы бар», — деп белгиледи «Кыргызтелефильм».

Тыныбекова, Изабеков, Медет кызы жана Жуманазарова. Сүрөт: Limon.kg

Тасмада «спортчу да, көрүнүктүү машыктыруучу катары да ар башка деңгээлдеги жеңишке жетишкен» Изабековдун жашоосу баяндалат.

Кинолентанын режиссёру — эл артистти Тынай Ибрагимов. Киностудиянын маалыматы боюнча фильмдин бет ачаары жакынкы күндөрү КТРКда болот.

Нурбек Изабеков деген ким?

Нурбек Изабеков — эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Ал 51 жашта.

Ал 1988-жылы СССРдин өспүрүмдөр арасындагы биринчилигинде коло медалды багындырган. Андан кийин Филиппинде өткөн Азия чемпионатында эки жолу күмүш медаль тагынган.

2010-жылдан бери Кыргызстандын күрөш боюнча аялдардын улуттук курамасынын башкы тренери. Бул аралыкта Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекованы, коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарованы, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жана башка спортчуларды тарбиялады.

Анын айтымында, жубайы колдобогондо спорттогу ийгилктеринин жарымына да жете алмак эмес. Ал медицина тармагында иштейт. Жубайлардын 5 баласы бар.