Кара-Балта 30га жакын тургун секс-кызмат көрсөткөн сауналарды жабууну талап кылышты

Социалдык тармактарда күн мурда Кара-Балтанын жаштарыбыз деген 30дан ашык адамдын кайрылуусу тарады. Алар шаардагы интим-кызмат көрсөткөн сауналарды жабуу талабы менен президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Чогулгандардын бири мындай жайларга «эже-карындаштары барып калбасын» деп кабатыр болуп жатышканын билдирди.

«Урматтуу кыргыз элим! Кара-Балта жаштарынын атынан шаардагы көйгөйлөргө көңүл бурууну өтүнөбүз. Анткени Кара-Балта шаарында 3-4 сауна бар экен. Ал жерде “сойкулук” аябай өнүгүп жатыптыр. Ошого жаштар жол бербейли деп чогулуп жатабыз. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Ташиев, сиздерге жана ИИМге дагы кайрылабыз. Ушуга кандайдыр бир чара көрүп бериңиздер. Сойкулук, зына иштери токтотулсун!» — деп билдиришти алар.

Чогулгандан кайрылуусуна Чүй ОИИБи реакция жасады.

Милициянын маалыматына ылайык, кайрылуу жолдонгон видео 19-декабрда жарыяланган. Ошол эле күнү саат 15:55тер чамасында Жайыл РИИБине сауналардын биринин алдында 30дай бала чогулганы тууралуу кабар келип түшкөн.

Аталган жерге коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери барган. Чогулгандар бир нече сааттык профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин тарап кетишкен. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар сауналарда секс кызмат уюштургандардын үстүнөн арыз жазышкан.

Жергиликтүү тургундардын арызы менен билдирүүлөрү Жайыл РИИБнин маалыматты каттоо журналына киргизилди. Текшерүү башталып, ал эми факт Чүй ОИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аны ИИМдин жетекчиси көзөмөлдөп жатат.