ЖКККББ: Айдоочулардын көбү эң эле жөнөкөй делген жол белгилерин билбейт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов «Спутник Кыргызстан» басылмасына курган маегинде транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө жол эрежелери сакталбай жатканы эле эмес, баш да себептери бар экенин айтты.

Саркуловдун айтымында, кырсыктардын көп катталып жатканына автомектептерде болочок айдоочуларды окутуунун начардыгы да себеп.

«Биз айдоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын маанисин түшүндүрүп бергилеп деп жол белгилерин көрсөттүк. 90% учурда айдоочулар эң жөнөкөй жол белгилерин билбей коюшкан. 100 [айдоочунун] 10у гана туура жооп берген, калгандары кандай жол белги экенин билишкен эмес. Бул автомектептерде окутуу жакшы жүрбөй жаткандыгынан кабар берет», — деп түшүндүрдү Саркулов.

Саркуловдун пикиринде, автомектептерде унаа айдатып үйрөтүү да талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт.

«Айдоочулар билим жана айдоочулук күбөлүк алышканы менен жолдо унаа башкарууга даяр эмес», — деп кошумчалады Саркулов.

Автомектептерди лицензиялоону ИИМге өткөрүү

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын декабрнын башында жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу үчүн ИИМге бир катар функцияларды өткөрүп берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, ИИМге каттоо функциясы өтөт:

транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин;

атайын технологиялык машиналарды;

айдоочуларды, анын ичинде унаа башкаруу укугуна экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу.

Мындан тышкары, ИИМ автомектептердин ишин лицензиялоо функциясын алат. Жарлыкта жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында жеңил унаалар үчүн жүргүнчүлөрдү ташуунун лицензиясы киргизилери белгиленет. Бул үчүн да ИИМ жооптуу болот.

Аны менен бирге Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси ИИМдин карамагына өткөрүлөт.

ИИМдин карамагына «Унаа» мамишканасынан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинен жүргүнчүлөрдү ташуунуну көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр өткөрүлөт.