Бишкек: Күйүүчү май сакталган кампадагы өрт чектөөгө алынды

Материал жаңыртылат

Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчү кызматына 21-декабрь күнү эртең мененки саат 7:40та күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Тилсиз жоодон кампанын айланасында жайгашкан үйлөр да жабыр тарткан.

«Күйүүчү май сактоочу кампадагы челектерден чыккан өрт саат тогузда чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдирди ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы.

ӨКМ өрттөн канча адам жабыркаганы жана келтирилген чыгымдын өлчөмү тууралуу толук маалымат бере элек.

Жеринде Бишкек шаарындагы беш өрт өчүрүүчү бөлүм, бир суу ташуучу унаа, кризистик учурларда жардам көрсөтүүчү бир ычкам топ жана төрт куткаруучу иш алып барууда.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев да кырсык болгон жерде экенин муниципалитетке таянып «Спутник» басылмасы жазды. Калаа башчысы өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн шаар кызматтарынын катышуусунда чукул жыйын өткөрө турганы айтылды.

Буга чейин, 17-декабрда дагы Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан курулуш фирманын кампасы өрттөнүп, бир адам каза болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Чүйдүн Ысык-Ата районунда өрттүн кесепетинен эки адам көз жумган. Новопакровка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыгып, кароолчунун 6 чармы метрлик бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен.

Тема боюнча:

Бишкекте курулуш фирманын кампасынан чыккан өрттөн бир адам каза болду

Ысык-Ата районунда кафеде чыккан өрттөн эки адам каза болду