Өлкөнүн жети төрөт үйүнө 30 ИВЛ аппараты берилди

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ведомство 21-декабрда жаңы төрөлгөн ымыркайларды жасалма дем алдыруучу үчүн 30 ИВЛ аппаратын алганын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинен ИВЛ* аппараттары Кыргызстан боюнча жети төрөт үйүнө берилерин маалымдашты. Аппараттар жана анын жабдыктары эл аралык UNICEF уюму тарабынан Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен сатып алынган.

* ИВЛ аппараты канды кычкылтек менен камсыздоо үчүн кычкылтекти жана кысылган кургатылган абаны бейтаптын өпкөсүнө түз жеткирет. ИВЛ бейтап өз алдынча дем ала албай калган учурда колдонулат.

ИВЛ аппараттарынын жалпы баасы 14 миллион сомду түзгөн.