Нарын: Гаражда жубайлардын тоңуп калган сөөгү табылды

Ат-Башы. Сүрөт: АКИpress

Нарын облусунда 20-декабрда гаражда токтотулган унаанын ичинен эки адамдын — жубайлардын сөөгү табылды.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы окуя Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында болгонун билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Д.С жана М.Г аттуу жубайлар көмүртек газына ууланып каза тапкан. Алардын сөөгү унаада тоңгон абалда табылды. 

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери маркумдардын денесинен зомбулуктун белгилерин тапкан эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Каза тапкандар 38 жана 39 жашта экени маалымдалды. Алардын артында беш баласы калды.

Тема боюнча:

Сузакта үч жаш бала иске ууланып чарчап калды. Балдардын энеси оор абалда