Сузакта үч жаш бала иске ууланып чарчап калды. Балдардын энеси оор абалда

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад районунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында 6 жаштагы кыз жана 4 жаштагы эгиз балдар үйдө иске ууланып, каза болушту. Ал эми балдардын 23 жаштагы энеси оор абалда аймактык ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалыматына ылайык, кырсык 14-ноябрга караган түнү болгон. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, аялды жана жаш балдардын сөөгүн абысыны тапкан.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Мелис Баймуратовдун айтымында, иске ууланган аял учурда комада.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден маркумдардын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын башында Сузактын Кашка-Терек айылында аял үч баласы менен иске ууланып каза болгон. Чарчап калган наристелердин бирөө 5 жашта, экөө 3 жаштагы эгиз балдар болгон.

Маркумдун жолдошу Орусияда 2018-жылдан тарта эмгек миграцияда иштеп жүргөндүктөн, келин үйүндө кайнене жана кайнатасы менен жашаган.