«Сөздөрү адамды уялтат». Врач министр Бейшеналиевдин отставкасы үчүн кол топтоп баштады

Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Бахтияр Абсаматов «Клооптун» журналисттине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди отставкага кетирүү үчүн кол топтой баштаганын билдирди.

Абсаматов чиновникти кызматтан алуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, дагы канча чыдаш керек, медицинада болуп жаткан окуяларга көңүл бурбай жатасыз? Эскерте кетким келет, Кыргызстанда иштеген дарыгерлер да эл болуп саналат. Эгер болуп жаткан окуяларга көз жумуп, жардам берүүгө албай жатсаңыз, анда дагы эмне кылышты билбейм», — деп айтылат дарыгердин кайрылуусунда.

Абсаматов белгилегендей, министрликтин башчысы кызматын аркалаганына бир жыл болгон, бирок «бир да реформасы элдин пайдасына багытталган эмес».

«Сүйлөгөн сөздөрү шылдынга алынып, адамды уялтат. Эмне үчүн чара көрбөй жатасыз? Чечим кабыл алуу үчүн сизге дагы эмне керек?» — деп суроо салды дарыгер.

Ошондой эле, ал ар бир медициналык мекеме кол топтоп, аны absamatov86@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсө болорун белгиледи.

Бейшеналиевдин ишине карата сын

Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрында депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып дайындагандан кийин дароо Саламаттык сактоо министри болуп келген. Андан бери Бейшеналиевдин артынан ээрчиген сындардын аягы жок болууда.

Буга чейин 2021-жылдын апрелинде парламент депутаты Тазабек Икрамов дагы Бейшеналиев отставкага кетиши керектигин билдирген.

Икрамов бул сунушун Бейшеналиев уу коргошун* менен дарылоону пропаганда кылгандыктан айткан.

*Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Мындан тышкары, Бейшеналиевди кызматтан алууну парламенттин Социалдык маселелер боюнча комитети да сунуштаган. Анда тогуз депутат министрге ишеним көрсөтпөө үчүн добуш берип, комитеттин бөлүмү ошол учурда премьер-министр болуп турган Улукбек Мариповго тийиштүү кат жөнөтүлөрүн билдирген.

Ошондой эле, медиктер, юристтер жана жарандык активисттер да Бейшеналиевди жарандардын өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Ал эми дарыгер Айсулуу Атаканова КММАнын илимий кеңешинин мүчөлөрүнө, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, иликтөө жүргүзүп, Бейшеналиевдин илимий наамын чакыртып алуу керектигин айткан. Кийин, парламент 28-апрелде Улукбек Мариповго Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштаган.

Аны кызматтан алуу үчүн 81 депутат добуш берген, бирок чиновникти кызматтан алуу чечими кабыл алынган эмес, ал бүгүнкү күнү Саламаттык сактоо министри.