«Жакшы иштеп жатат». Президент министр Бейшеналиевге болушуп, элди эмделүүгө үндөдү

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде «АКИпресске» маек курду. Анда Жапаров кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге болушкан.

Эмдөө тууралуу

Жапаровдун айтымында, өлкөгө жакын арада дагы вакцина алынып келет. Ал азыркы учурда коронавируска каршы эки түрдүү вакцина бар экенин белгилеген: Орусиянын «Спутник V» жана Кытайдын Sinopharm вакцинасы. Андан тышкары, Оксфорддун AstraZeneca* (Vaxzevria) вакцинасы келиши күтүлүүдө.

* Бейшеналиевдин айтымында, AstraZeneca вакцинасы COVAX программасы аркылуу май-июнь айларында 405 миң дозада келип түшөт.

Президенттин айтымында, Орусиянын Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы келген, анын ичинен 15 миңин Кыргызстан сатып алып, 5 миңин Орусиядан акысыз алган. Мындан тышкары, Кытайдан Sinopharm вакцинасынын акысыз 150 миң дозасы берилген.

«Ошондо Кытайдын, Европанын, анан Россиянын вакцинасы болот. Азыр массалык түрдө аймактарга 75 мобилдик топту* жөнөттүк. Каалоочуларды эмдөөдөн өткөрүшөт. Каалоочуларды эмдөөдөн өткөрүшөт. Ким кайсыны кааласа, алышы керек.** [...] Эмдөөдөн өтүңүздөр, эч коркпоңуздар. Каалаган вакцинаны алыңыздар: Кытайдыкын кааласаңар Кытайдыкын алыңыздар, Россияныкын кааласаңар – Россияныкын, Европаныкын кааласаңар Европанын вакцинасын алыңыздар. Үч түрү тең бар», — деди президент.

* Чынында 65 мобилдик топ бар — бул тууралуу саламаттык сактоо министри 26-апрелде айткан.

** Бул да так маалымат эмес. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, эмдөөдөн өз ыктыяры менен өткүсү келгендер Кытайдын Sinopharm вакцинасын гана сайдыра алышат. Орусиялык Sputnik V вакцинасы менен өнөкөт оорулары бар жана 65 жаштан улуу курактагы жарандар гана эмделет.

Тема боюнча: Өлкөдө эмдөө жумалыгы башталды. Каалоочулар Sinopharm вакцинасын алса болот — ССМ

Бейшеналиев тууралуу

Жапаров саламаттык сактоо министрин коргоп, аны «кыска убакыттын ичинде оптимизация жана реформа жүргүзүүгө жетишкен менеджер» деп атады.

«Депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок, ал чынында эле жакшы иштеп жатат. Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.

3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100%* көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50% көтөрүп бердик.

Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду», — деп түшүндүргөн президент.

* 1-апрелден тарта Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери үчүн гана эмгек акылары 100%га жогорулаган. Алардын негизги эмгек акысы 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Бирок ошол эле учурда, индикаторлордун негизинде жумушка баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча төлөмдөр жокко чыгарылган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер бардык индикаторлорду аткаруу үчүн алган кошумча төлөмдөрдүн жардамы менен 25-30 миң сом айлык алышчу. Бирок дарыгерлердин бардыгы эле бул индикаторлорду аткарышчу эмес. Саламаттык сактоо тармагынын башка тармактарындагы кызматкерлердиин маянасы 1-июлдан тартып 40-50%га көтөрүлөт.

Тема боюнча: Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз

Ысык-Көл тамыры

Мурдараак Бейшеналиев COVID-19 карашы дары катары уу коргошундун кайнатмасын (Ысык-өл тамыры) пропаганда кылганы үчүн сынга кабылган*.

*Ысык-Көл тамырын COVID-19га каршы дары деп Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 15-апрелде ал социалдык тармактарындагы барактарында билдирүү жазып, жергиликтүү дарыгерлер «оору башталганда барсаңыздар бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты» деп билдирген. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Мындайча айтканда, Бейшеналиев президентти колдоого алган.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Андан кийин медиктер, юристтер жана активисттер Жогорку Кеңешке жана укук коргоо органдарына бейтаптардын ден соолугун тобокелге салбай, аларга уу коргошунду сынамык кылганды токтотуп, саламаттык сактоо министрин кызматтан алууну талап кылышкан.

Ошондой эле, активист Умай Арыкова Башкы прокуратура жана ИИМге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин үстүнөн «Ден соолукка атайылап зыян келтирүү» беренеси боюнча жоопко тартуу өтүнүчү менен арыз жазган.

19-мартта парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кетирип, анын ордуна компетенттүү кишини дайындоону сунуштаган. Тогуз депутат министрге ишеним көрсөтпөө сунушун колдогон жана комитет бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдоорун билдирген.

Көп өтпөй комитет дагы бир жыйын өткөргөн. Анда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри аткарган иштери тууралуу отчёт бермек — бирок ал жыйынга келген эмес. Натыйжада комитет Бейшеналиев кызмат ордуна дал келбей турганын белгилеп, чечим кабыл алган. Министрди кызматтан алуу маселеси парламенттин жалпы жыйынына жакын арада сунушталат.

Тема боюнча: Жапаров коронавирустан «уу коргошун» айыктырарын айтты. Эксперттер аны колдонбоого чакырды

Башкы беттеги сүрөт: «АКИпресс»