Депутаттар уу коргошун чуусунан кийин саламаттык сактоо министрин кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары 28-апрелдеги отурумда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Аны кызматтан алуу сунушун 81 депутат колдоп, 8 эл өкүлү каршы чыкты.

Бейшеналиев жыйынга келген жок, ал эми депутаттар министр кызматка дайындалгандан тартып Жогорку Кеңештин бир дагы жыйынына катышпаганын сынга алышты.

«Саламаттык сактоо министринин келип вакцина боюнча, COVID-19дун жаңы штаммы боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени бир ай мурун көтөргөнмүн. Комитеттин жыйындарына да келген жок. Ушул жерде отурган депутаттарды сыйлаш керек. Туура, ал министрди президент колдоп жатат экен [...] Президентке жакын адамдарды буга чейин да көргөнбүз, буга чейинки министрлер дагы жакын болгон. Бүгүнкү күндө алар каякта? Анчалык асманда жүрбөшү керек. Бул жакка келип отчётун берсин», — деди депутат Тазабек Икрамов.

Буга чейин, 26-апрелде, Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитет Алымкадыр Бейшеналиев кызмат ордуна шайкеш келбейт деген чечим кабыл алган. Министр комитеттин жыйынына да келген эмес.

Депутат Дастан Бекешев жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин министрлер да депутаттарды сыйлабай калышты деген пикирин билдирди. Ошондой эле, ал Бейшеналиев кээ бир депутаттарды коркутуп жатканын белгиледи.

«Уу коргошунду ичүүгө убакытты табат, парламентке келгенге убактысы жок. Президент айтып жатат “24 саат иштеп жатат” деп. Мүмкүн алар 24 саат ошол резиденцияда отуруп жатышат да. Бияка келип отчётту берсин. Албетте биз дагы өзүбүз күнөөлүүбүз да Конституцияны өткөрүп алып — бул авторитардык режимдин көрсөткүчү. Министрлер дагы парламентти сыйлабай калышты. Керек болсо ал министр депутаттарга чалып “мен силерди мындай кылам, тигиндей кылам” деп кыйкырып жатат. Андай болбойт да», — деди Бекешев.

Ал эми министрликтин басма сөз кызматынан министр Бейшеналиев Нарын облусунда иш сапары менен жүргөнүн кабарлады.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо

Министр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыккан аткаминерлердин бири. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон. Аны медицинада, ал тургай териге сыйпап колдонуу да өмүргө кооптуу.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын да билдирген.

Анткен менен эл аралык окумуштуулар «уу коргошун» коронавирустан жана рак илдетинен айыктырбайт деп билдиришти.