Президент Жапаровду премьерлик кызматка дайындап, өкмөттүн курамын бекитти

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка коюп, министрлер кабинетинин курамын бекиткенин кабарлады.

Президенттин жарлыгына ылайык, жаңы өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй:

  • Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
  • Вице-премьер-министр — Равшанбек Сабиров;
  • Вице-премьер-министр — Максат Мамытканов;
  • Вице-премьер-министр — Аида Исмаилова;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси (министр кызмат ордунда) — Бактыбек Аманбаев;
  • Экономика министри — Санжар Муканбетов;
  • Финансы министри — Кыялбек Мукашев;
  • Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри — Эркинбек Чодуев;
  • Транспорт жана жол министри — Бакыт Бердалиев;
  • Юстиция министри — Марат Жаманкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Ички иштер министри — Уланбек Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Эмгек жана социалдык министри — Улукбек Кочкоров;
  • Маданият, маалымат жана туризм министри — Нуржигит Кадырбеков;
  • Өнөр жай, энергетика жана дер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы — Жыргалбек Сагынбаев;

Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка талапкерлигин 6-чакырылыштын депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бекитишти.

Жапаров буга чейин өзүн өзү дайындаган өкмөт башчы болчу жана бул кызматта бир нече күн иштеген. Бирок парламентарийлер бир нече ирет анын легитимдүүлүгү тууралуу маселени көтөрүшкөн.

Кийин депутаттардын тобу Жапаровду премьер-министрлик орунга шайлашкан. Бирок андай болгон күндө деле бул чечим легитимсиз делген. Анткени добуш берүү учурунда тиешелүү сандагы депутаттар жок болуп, кворум чогулбай калган.