Адвокат Самарбеков: Аскар Акаевге каршы иш кыскартылган жок, болгону ага азырынча суроо жок

Бозгун президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскартылган жок. Бул тууралуу «Клоопко» анын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирип, Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбековдун буга чейин айткандарын төгүндөдү. Талгарбеков Акаевге тагылган баардык айыптар алынганын билдирген болчу.

Самарбековдун айтымында, тергөөнүн бүгүнкү күндө Акаевге чындап эле суроосу жок, бирок тергөө аяктай элек.

«Ошондуктан мурдагы президенттен бардык айыптар алынды деп айтуу азыр эртелик кылат. Тергөө уланып жатат, жазык териштирүүсү кыскартылган жок. Бул иштин бардык фигуранты шектүү катары сурак беришүүдө. Алардын ичинде Акаев дагы бар», — деди ал 24kg’ге курган маегинде.

Ал кардары тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатканын кошумчалады.

«[Акаев] дагы качан суракка чакырылары белгисиз. Бирок Акаевге карата кандайдыр бир чектөөлөр коюлган жок, ал өлкөдө эркин жүрө алат», — деп белгиледи Самарбеков.

УКМКдан «Клоопко» кеңири маалымат беришкен жок, бирок «тергөө уланып жатканын» белгилешти.

Акаевдин келиши жана кетиши

Кыргызстандын биринчи бозгун президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Бул тууралуу ЖМКлар анын чөйрөсүндөгүлөрүнө таянып жазышкан. Эртеси күнү ал УКМКда «Кумтөр» иши боюнча сурак берген.

«Биз ачыкка чыгарбоо келишимине кол койдук. Балким, жума ичинде Акаев дагы суракка чакырылышы мүмкүн. Акаев бул аптанын аягына чейин Кыргызстанда калышы ыктымал», — деген 15-декабрда анын адвокаты Айбек Самарбеков.

Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков 19-декабрда мурдагы президент кайра Орусияга кеткенин билдирген. Акаев 16 жылдан бери Москвада жашайт.

Аскар Акаев.

Бозгун президент Аскар Акаев өлкөнү 15 жылдын ашык башкарган. Ал 2005-жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясынан» улам тактан кулаган. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар таза өткөн жок деп тапкан парламенттик шайлоо түрткү болгон.

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Ал 2021-жылдын августунда дагы келип, «Кумтөр» иши боюнча сурак берип кеткен.

Анда Башкы прокуратура Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен. Акаев өлкөгө келгенде президент Садыр Жапаров жана башка расмий адамдар менен жолугуп, кичи мекени Чоң-Кеминге барууга үлгүргөн.

Акаев кеткенден кийин УКМК «Кумтөр» ишин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаган. Документте Акаев долбоорду ишке ашыруудагы түзүлгөн бир канча келишимдер боюнча мөөнөтүнөн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылган.