Чүй облусундагы аялдар колониясында соттолгондор үчүн обочолонгон участкалар ачылды

Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы 21-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунун Степное айылындагы №2 аялдар колониясында соттолгон аялдар үчүн үч обочолонгон участок ачылганын билдирди.

ЖАКтан белгилешкендей, бул жайлар катаал жана жалпы шарттагыларды кармоого, ошондой эле жеңилдетилген шарттагылар үчүн деп бөлүнгөн. Колониянын аймагында «Келечек» мамлекеттик мекемесинин алдында иштеген тигүү цехи, балдар үйү жана нан бышыруучу цех бар.

Бул аялдар колониясы — кыз-келиндер кармалуучу жападан жалгыз түзөтүү колониясы болуп саналат, ошондуктан анда биринчи жолу соттолгондор да, мурда эркинен ажыратылгандар да, жашы жете электер да чогу эле жазасын өтөп келишкен.

Ведомствонун маалыматы боюнча, соттолгондор үчүн жаңы жайдын курулушу сот-укуктук реформага ылайык 2020-жылдын июль айында башталган. Курулуш толугу менен 2021-жылдын ноябрында аяктаган.

«Обочолонгон атайын участкаларды салуу ар кандай категориялардагы соттолгон аялдарды кармоонун режимине ылайык өзүнчө кармоого мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде соттолгондордун өтө коркунучтуу, терс бөлүгүнүн жаза өтөп жаткан башка адамдарга таасирин тийгизүүсүн азайтат», —деп белгилешти ЖАКтан.

Имаратты куруудан сырткары, ЖАКтын жардамы менен 100дөн ашык орундуу үч жатакана жана эки өзүнчө очок салынган. Курулуштун жана ремонттун жалпы суммасы 170 млн сомду түздү.