Калмаматовдун адвокаты саясатчы сегиз сааттан бери суракта экенин айтты

Экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун жактоочусу Айым Камчыбекова УКМК саясатчынын жалпы жарандык паспорту «жасалма болушу мүмкүн» деп текшерип жатканын билдирди.

«Бактыбек Калмаматов учуу алдында Сот департаментинен, Чек ара кызматынан өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу деп текшергенбиз. Эч кандай тоскоолдук жок деген», — деди ал.

Аны менен катар, жактоочу бул паспорт менен Калмаматов буга чейин Украина, Түркия жана Өзбекстанга барып келгенин кошумчалады.

Ошондой эле адвокат Камчыбекова саясатчы суракка киргенден бери сегиз сааттан ашуун убакыт өткөнүн айтып, бул «мыйзам бузуу экенин» белгиледи.

«Азаттык» партиясынан парламент депутаттыгына талапкер болгон Бактыбек Калмаматовду 22-декабрга караган түнү «Манас» аэропортунан УКМКнын кызматкерлери суракка алып кетишкен. Саясатчыны чек ара кызматкерлери токтоткон учурда тартылган видео анын Фейсбук барагында жарыяланган.

Калмаматовдун айтымында, ал Сауд Арабияга кичи ажылыкка учуп кетүү үчүн аэропортко келген. Бирок аэропорттогу чек арачылар ага «өлкөдөн чыгууга мүмкүн эместигин» айтышкан. Кийинчерээк ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары» суракка чакырылып жатканын билдиришкен.

Экс-депутат суракка так кайсы иш боюнча чакырылганын билбестигин белгилеген. Ал эми депутатка берилген чакыруу кагазында ал суракка «21-декабрда саат 17:00гө келүүсү керектиги» жазылган. Документке УКМКнын тергөөчүсү «И. Оторбеков» кол койгон.

Калмаматов чакыруу кагазында эмне үчүн өтүп кеткен убакыт көрсөтүлгөнүнө кызыкканда УКМК кызматкерлери чакыруу кагазын берүү үчүн аны «таппай жүрүшкөнүн» айтышкан.

УКМК Калмаматовдун суракка алынышы боюнча билдирүү тарата элек.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.