Түрк ишкерин уурдоо: Сезимай Жунусованын жактоочусу УКМК окуяны «бурмалап жатат» деди

Сезимай Жунусова

Түрк ишкерин «Манас» аэропортунан уурдоого тиешеси бар делген Сезимай Жунусованын (паспорт боюнча аты Бегимай Жоробаева) жактоочусу жана атасы 21-декабрда Ош шаарында маалымат жыйын курду. Алар Жунусованын бул ишке тиешеси жоктугун, негизги шектүү боштондукта жүргөнүн айтып нааразы болушту.

«Окуя УКМК айткандай болгон эмес»

Жунусованын жактоочусу жана атасы. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев

Адвокат Кутман Медетбеков бул иште негизги шектүү Нияз Махамадкарим уулу аттуу киши дейт. Анын айтымында, ал Жунусовага байланышып милиционер керек болуп жатканын айтып жардам сураган — ал муну Кыргызстанга келе жаткан түрк жаранынын документтерин текшерүү керек болгону менен түшүндүргөн.

Андан соң Жунусова ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жоробеков менен байланышып, «иниме жардам керек болуп атат» деген. Көп өтпөй Сезимайга милиционер чалат, ал болсо Нияздын номерин берет.

Бирок жактоочу Махамадкарим уулу кайрадан Жунусовага чалып, «аталган милиционер жардам берүүдөн баш тартканын» айтат. Жунусова Ноокат РИИБдин башчысы Улар Тезекбаевге чалып жардам сураганда, ал аны Ош аэропортунун милиционери Афтандил Абдылдаевге байланыштырган. Ал эми Абдылдаев «Манас» аэропортундагы милиционер Тынчтык Пратовго кайрылып, Сезимайдын инисине жардам берип коюусун өтүнгөн.

«Пратов да макул болуп Түркиядан келген жаранды документтерин текшерүү үчүн кабинетине чакырып текшерип жатканда Нияз келип, “биздин конок эле” деп түрк жаранын аэропорттон ээрчитип алып кетет. Арадан 4-5 күн өткөндөн кийин Сезимай Ниязга чалып "Эмне болду? Иштеринди бүтүрүп алдыңбы?" деп сурайт, Нияз Сезимайга ыраазычылыгын билдирип "рахмат эже" деп байланышы үзүлөт», — деп түшүндүрдү Медетбеков.

Адвокат Жунусова Махамадкарим уулуна телефон аркылуу милиционер таап бергени үчүн «Адам уурдоого» шектелип кармалганын белгилеп, анын кылмышка түздөн түз катыштыгы жоктугун айтат.

Ошондой эле жактоочу «окуя УКМК айткандай болгон эмес» деп билдирди. Ал «бизде Нияз менен түрк жараны достордой ээрчишип, дүкөндөргө кирип чогуу жүргөн видеожазуулар бар» дейт.

Мындан сырткары, Медетбеков Махамадкарим уулу «УКМКнын кызматкери болушу мүмкүн экенин» айтты. Жактоочу «мындан улам да ал кармалбай жатат» деп божомолдоду. Ал Махамадкарим уулунун УКМК кызматкерлери менен түшкөн сүрөттөрү бар дейт.

«Азыр башкача жагдайлар дагы чыгып жатат. Видеожазууларды таап алдык. Эгер УКМК ишти мыйзамдуу негизде алып барбаса анда биз видеолорду дагы чыгарабыз», — деди жактоочу.

«Атайын кызматтын шоусу жана басым»

Медетбеков Жунусовага тергөө абагында басым жасалганын айтууда. Ал бул факты боюнча тиешелүү органдарга кайрылганы менен «реакция болбогонун» билдирди.

«Сезимайга Илгиз аттуу жаранга каршы көрсөтмө бересиң деп кысым көрсөтүшкөн. Ар кандай уят создөр менен сөгүп, басым жасашкан. Прокуратурага экспертиза жасаңыздар деп кайрылганбыз. Бирок реакциясын көрө элекпиз», — деди ал.

Мындан сырткары жактоочу түрк ишкери менен өздөрү байланышканда ал «Сезимайды көрбөгөнүн айтты» деп ишендирди. Адвокат «УКМК эл көзүнө “ушундай оор кылмыштардын бетин ачып жатабыз” деп шоу кылууну каалап жатат» деп айтты.

Ал эми Жунусованын атасы Аттокур Жоробаев «кызымдын мындай ишке барганына ишенбейм» дейт. Атасы жана жактоочу Жунусова «негизсиз камакка алынганын» айтып, аны бошотууну талап кылышты.

Ал эми УКМКдан Ниязалы Махаматкарим уулу учурда издөөгө жүргөнүн, ал атайын кызматта да, Ички иштер министрлигинде да иштебегенин билдиришти.

Атайын кызматтан Махаматкарим уулу буга чейин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, опузалап акча каражатын талап кылуу менен соттолгон деп кошумчалашты.

Сезимай Жунусова Ош шаарында жергиликтүү журналист жана блогер катары таанымал. Өзүнүн Фейсбук баракчасында ал Topsport.kg басылмасында иштерин көрсөткөн.

Ошондой эле ал буга чейин Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасында басма сөз катчы болуп иштеген. Ал Фейсбуктун активдүү колдонуучусу болуп, шайлоолордо бир нече партиялардын штабында иштеген.

Түрк ишкеринин уурдалышы

Кармалган шектүүлөр

УКМК Жунусованы жана башка шектүүлөрдү 9-декабрда кармаган. Анда атайын кызмат «кылмыштуу топ Кыргызстанга учуп келген түрк ишкерин Бишкектин «Манас» эл аралык аэропортунан уурдап, 3 миллион доллар талап кылганын» билдирген.

УКМК ишкерди уурдоону анын досу жана бизнес-өнөктөшү «А.Б.» уюштурганын аныкталганын билдирген. Ал кылмышты ишке ашыруу үчүн кишилерди таап, даярдыктарды көргөнү айтылган.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Кыргызстанга 1-декабрда учуп келген. Бирок «документтерди текшерүү керек» деген шылтоо менен кармалып «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык баалуу буюмдарын (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан. Кийин уурдагандар “А.Б.” аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу үчүн 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди коё беришкен», — деп билдиришкен анда УКМКдан.

Шектүүлөр «Х.А.Д.», «А.Б.», «Ж.Б.» жана Чүй облустук милициянын «Манас» аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы «П.Т.» УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, эки айга камалышкан.

Түрк ишкерин аэропорттон уурдап, 3 млн $ талап кылуу иши боюнча төрт киши кармалды