COVID-19: Акыркы суткада бир адам каза болуп, 37 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирустан бир адам каза болду, илдеттен 42 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 37 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 13;
  • Чүй облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 356га жетти. Өлкө боюнча 179 442 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 788 адам көз жумду.

Учурда 299 бейтап ооруканада, ал эми 343 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 23-декабрга карата 9 617 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 866 адам биринчи дозасын, ал эми 4 751 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.