Кыргызстандын Венгриядагы элчиси болуп Талантбек Кушчубеков дайындалды

Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Талантбек Кушчубеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 23-декабрда кол койду.

Талантбек Кушчубеков

63 жаштагы Талантбек Кушчубеков Талас облусунда туулган. 1982-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин англис жана араб тили факультетин бүтүргөн.

1997-жылы Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси, 2002-жылы ТИМдин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси болгон. Ошол эле жылы Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган.

2003-жылдан 2005-жылдын 29-апрелине чейин ТИМдин биринчи орун басары болуп иштеген.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө келерки жылы 30 жыл толот. Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылы февраль айында ачылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин расмий ачылышы өткөн.