Сөзү туура эмес чечмеленген. Президент Азербайжандагы элчиге катуу сөгүш жарыялады

Өлкө башчысынын администрациясы президент Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге айтпаган сөздөрү үчүн катуу сөгүш жарыялады. Эмне болгонун түшүндүрөбүз.

«Спутник Азербайжан» басылмасынын макаласы

21-декабрда «Спутник Азербайжан» басылмасында Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиевдин билдирүүсү камтылган макала жарык көргөн. Ал аталган басылмада басма сөз жыйынын курган.

Осмоналиев Кыргызстан Түштүк Кавказ жана Борбор Азиянын ортосунда байланышуу платформасын түзүү демилгесин көтөрүп чыкканын айткан. Осмоналиевдин айтымында, бул тууралуу кыргыз ТИМнин жетекчиси Руслан Казакбаев Азербайжандын борбору Баку шаарына болгон иш сапарында бул идеяга тилектештигин билдирген.

Кыргызстандын элчилиги бул демилгени талкуулоо үчүн ар башка өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда маалымат-жыйын өткөрүүнү каалаган. Эксперттер бир эле Борбор Азия жана Түштүк Кавказдан эмес, Орусия, Кытай Иран жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келери болжонгон.

Мындан тышкары, «Спутник Азербайжан» Осмоналиев платформа тууралуу айтып жаткан жердеги видеонун үзүндүсүн да чыгарган.

Эмне үчүн ага сөгүш жарыяланды?

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Кайрат Осмоналиев кээ бир ЖМКлар анын цитаталарын колдонуп, «Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиянын өзүнчө жолугушууну сунуштады» деген аталыштагы материал жарыялаганы үчүн сөгүш алган.

Осмоналиевдин айткан сөздөрүнө ылайык, платформа Түштүк Кавказ менен Борбор Азиянын саясий дипломатиялык, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча өз ара аракеттенүүсүн болжойт. Ал жерде чындап эле Орусия тууралуу сөз болгон эмес — болбосо ал Түштүк Кавказ, Борбор Азия жана Орусиянын өз ара платформасы болуп калмак. Бирок платформа ишке кире элек, ал эми аны талкуулоо үчүн ага мүчө мамлекеттердин да, өнөктөш мамлекеттердин арасынан да эксперттерди тартуу сунушталган. Мында алардын да пикири эске алынмак.

Президенттин администрациясы Осмоналиевдин «Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады» деген аталышта жарыяланган пресс-конференциясы чагымчыл мүнөзгө ээ деп эсептейт. Президенттин администрациясы элчинини маегинде мындай туюндурма тууралуу сөз да болгон эмес деп белгиледи — чындыгында, «Спутник Азербайжандын» макаласында да, анын видеосунда да мындай туюндурма жок.

Бирок буга карабастан президент Садыр Жапаров элчиге катуу сөгүш жарыялады.

«Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады», — деп билдирет президенттин администрациясы.