ЕБ билим берүү жана санариптештирүүнү колдоого 19 млн евродон ашуун каражат берди

Европа биримдиги Кыргызстанга билим берүү сектору менен санариптештирүүнү колдоого эки грант түрүндө 19,4 млн евро бөлдү. Бул тууралуу 23-декабрда Европа биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

ЕБден бул каражаттардын 7,4 млн евросу Кыргызстандын 2019-2021-жылдарга карата билим берүү стратегиясын колдоо үчүн акыркы транш экенин белгилешти. Жалпы бул долбоор боюнча ЕБ 32 млн евро бөлүшү керек болчу. Калган суммасы 2019 жана 2020-жылдары которулган.

«Финансы министирлиги акыркы транштын каражатын [7,4 млн евро] билим берүүнүн сапатын мындан ары да жогорулатууга, китептерди сатып алууга, бардык мектептерди интернет менен камсыз кылууга жумшоону пландап жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

ЕБнын өкүлчүлүгү билдиргендей, калган 12млн евро программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана тармактык министрликтердеги маалыматтык базаны тейлөөгө, ошондой эле өлкө боюнча санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат.

Аталган транш ЕБдин 2020-2023-жылдары Кыргызстандын санарип трансформациясынын Жол картасын бюджеттик колдоо боюнча ЕБдин программасынын алкагында бөлүнгөн.

«Бул программанын максаты – Жогорку технологиялар паркынын алдындагы Санариптик көндүмдөрдүн инновациялык борборунун ишин колдоо, калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарында “Санарип Аймак” системасын активдештирүү, өлкөнүн киберкоопсуздугун жогорулатуу, жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңыдан түзүлгөн жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттик аркылуу камсыз кылуу», —деп белгилешти ЕБдин өкүлчүлүгүнөн.

Европа биримдигинен Кыргызстанга 4 жылдык колдоо көрсөтүү программасынын алкагында бул багыттарды колдоо улана турганын белгилешти.

Буга чейин Европа биримдиги 2021-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы көп жылдык индикативдик программасын кабыл алган. Бул программанын алгачкы төрт жылында өлкөгө башкаруу жана санариштертирүүгө, адамдык өнүгүүгө, жашыл жана туруктуу климаттык экономикага грант түрүндө 62 миллион евро каражат бөлүнөт.

«Европа Биримдиги Кыргыз Республикасы менен өнүктүрүү боюнча негизги жана туруктуу өнөктөшү катары узак убакыттан бери кызматташат. Санариптик трансформация, билим берүү системасы, жашыл өнүгүү жана башка жалпы кызыкчылыкты чагылдырган тармактарды узак убакыт колдоо аркылуу бүгүн биз кызматташуунун жаңы кадамын жасадык. Жаңы көп жылдык программа ЕБдин кыргыз элин дайыма колдоп жүргөнүнүн далили болуп эсептелет», — деп белгиледи ЕБдин элчиси Эдуард Ауэр.