Прокуратура кримтөбөл Кадырбек Досоновду үй камагына чыгарууга каршы чыкты

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, каймана аты «Женго» деп айтылган Кадырбек Досонов УКМКнын ТИЗОсунда камакта калды. Бул тууралуу кримтөбөлдүн адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 24.kg басылмасына курган маегинде билдирди.

Жактоочу Досонов 23-декабрь күнү эле абактан бошотулушу керек болчу деп эсептейт, анткени сот анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөрткөн. Бирок ал азыркы убакта УКМКнын ТИЗОсунда мыйзамсыз кармалып турат.

«Кадырбек Досоновдун иши боюнча тергөө аяктаган. Прокуратура Досоновду камакта калтыруу тууралуу жаңы өтүнүч келтиргенин бүгүн билдик. Мен УКМК соттун жаңы токтомун күтүп, атайылап Досоновду ТИЗОдон бошотпой жатат деп эсептейм», — деп билдирди адвокат.

«Женгонун» айланасындагы окуяга УКМК дагы пикирин билдирди — Досонов камакта калат.

УКМКнын маалыматына таянсак, кримтөбөл Кадырбек Досоновго карата иликтөө иштери жүрүп, тергөө аягына чыкты. Ал «бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга» байланышкан оор кылмыштарга айыпталып жатат.

Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлгөн. Анда райондук соттун судьясы үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Кадырбек Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырган. Бирок кийин ишти караган судья алмашкан.

«Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында төрагалык кылуучу судья алмашкандыгына байланыштуу, Кадырбек Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү», — деп билдиришти атайын кызматтан.

«Женго» деген ким?

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары таанымал.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Ош облустук милициясы 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу жол тескөөчүсүнүн токтоо тууралуу буйругуна баш ийген эмес жана номуру жок унаа айдап жүргөн. Кийин унаадан курал да табылган. Айдоочуга айып салынып, Женго профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген.

УКМК өткөн жылдын 30-ноябрында Досоновдун «менчикке каршы оор кылмыш жасоого катыштыгы бар» деп ага издөө жарыяланган. «Женго» 11-февралда кармалып, абакка киргизилген.

Анткен менен Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «Женго» УКМКга өзү келгенин кабарлаган. Ошондой эле, ал Досоновдун уулуна жана мурдагы жубайынын бир тууганына укук коргоо органдары тарабынан баңгизат «ташталганын» белгилеген.

Мындан сырткары жактоочу УКМКнын кызматкерлери Досоновго буга чейин «эл көзүнө кармалып берүүсүн» сунуштаганын ачыктаган. Адвокаттын айтымында, атайын кызмат «Досонов аз эле отуруп чыгып кетерине» убада берген.

Бирок Сүйүнбаева бул сунуштан баш тарткандан кийин атайын кызмат анын үйүндө «мыйзамсыз» тинтүү жүргүзгөн.