«Женгонун» айдоочусуна айыппул салынды — Ош ОИИБ

Кадыр Досонов бараткан автоунааны кармоо учуру. Сүрөт: Медер Ниязалиев / RFE / RL

15-октябрда «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновду жана дагы бир кишини укук коргоо органдары белгисиз унаага салып кеткени тартылган видео жарыяланган.

Кийинчерээк Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Досонов жана ал бараткан «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн унааны токтотуу талабына баш ийбегени үчүн кармалышканын тастыктаган. Ошондой эле милициядан унаанын мамлекеттик номуру жок болгонун жана аны кароо маалында тапанча табылганын билдиришкен.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» Досонов менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн жана ал кармалган күнү кайра бошотулганын айтты.

«Тапанча травматикалык экен, документтери мыйзам түрүндө Досоновдун айдоочусуна катталган. Анын айдоочусуна транспорт каражатын номуру жок башкарууга 10 миң сом, коопсуз курун тагуу эрежесин бузууга миң сом жана ИИМдин кызматкеринин талабына баш ийбегени үчүн 3 миң сом айыппул салынды», — деди Аширбаев.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук жана Ош облустук соттору аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.