Журналист Болот Абдыжапаров Ат-Башы районуна акимдин орун басары болуп дайындалды

Нарын облусунун Ат-Башы районуна акимдин орун басары болуп журналист Болот Абдыжапаров дайындалды. Маалыматты «Клоопко» Абдыжапаров өзү тастыктады.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматка дайындоо тууралуу сунуштаманы минкабга райондун акими берген.

«Райондук акиминин өкмөткө берген сунуштамасы менен, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буйрукка кол койду. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жамаат менен тааныштырып кетти. Мен ойлойм, бул кызмат өтө деле чоң кызмат эмес, мени менен тең балдар мындан чоң кызматты аркалап атышат», — дейт ал.

Болот Абдыжапаров

37 жаштагы Болот Абдыжапаров Ат-Башы районунда туулган. Борбордогу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кесиби боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалими. .

Абдыжапаров эмгек жолун 2007-2009-жылдары КТРКдагы «Кыргызстан» редакциясынын кабарчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң 2009-2010-жылдары КТРК, ЭЛТР каналдарында редактор, андан кийин продюсер болуп иштеген.

2018-жылы «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген. Кийин «Бешинчи канал», «Жалбырак ТВ» каналдарында кабарчы болуп иштеген.

Үстүбүздөгү жылы «Наждак медиа» сайтына директор болгон. Бирок көп узабай бул жумуштан кетип, ушул эле жылы «Тынчтык» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанган. Партия шайлоодо жеңишке жеткен эмес.