COVID-19: Үч бейтап каза болду, 38 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 26-декабрга карата коронавирустун 38 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Ошондой эле оорудан 44 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 23;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ош облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Ош шаары — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 184 477ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 589 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 795 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 279 бейтап, ал эми үй шартында 327 адам дарыланып жатат.