Швецияда уурдалган жол тандабас Ош шаарында табылды

Швецияда уурдалган Pick-UP Mercedes-Benz X-250 D'4matic үлгүсүндөгү унаа Ош шаарында табылды. Бул тууралуу 25-декабрда шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

ИИМдин Интерпол бюросунун маалыматына ылайык, аталган унаа 2020-жылдын 27-июлунан бери Швецияда издөөдө болгон. Интерпол Ош ШИИБге кат жиберип, уурдалган унаа Кыргызстанда болушу мүмкүндүгү кабарлаган.

Каттын негизинде Ош ШИИБи издөө иштерин баштаган. Иш-чаранын алкагында патрулдук милициянын кызматкерлери калаадагы Касымбеков көчөсүндөгү автовокзалдын жанында аталган унааны токтотуп, аны айып короого киргизген.

«Аталган Pick-UP Mercedes-Benz X-250 D'4matic үлгүсүндөгү автоунаанын ээси Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну “А.А.” экендиги аныкталды. Ал аталган автоунааны Литва өлкөсүнөн 29 миң АКШ долларына интернет аркылуу сатып алганын билдирген», — деп берилет Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

Укук коргоо органдары бул фактыны Маалыматтардын электрондук журналына каттап, териштирүүнү баштады.