Бишкектин эки округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт

Боршайком Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону 27-февралга дайындады. Бул тууралуу 27-декабрда комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Биринчи май жана Свердлов округдарында эң көп добушту «Баарына каршы» алган, ошондукьан бул эки округда кайра шайлоо жарыяланды.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын биринчи жыйыны 23-декабрда өтүшү керек болчу. Бирок БШК менен айрым талапкерлердин ортосундагы соттук териштирүүлөрдөн улам жаңы депутаттарды каттоо убактылуу токтотулган.

Бирок 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекиткенден кийин партиялардын канча мандат алары белгилүү болгон.

7-чакырылыштын депутаттарынын алгачкы отуруму Жаңы-жылга чейин болору күтүлүүдө.