Мадумаров: «Ысык-Көл» мейманканасынын жери 2008-2009-жылдары кытай инвесторлоруна сунушталган

Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына өткөн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушун сынга алды.

«Эмне үчүн бир нерсени куруу үчүн сөзсүз эскини талкалаш керек? 11 жылдан ашуун убакыттан бери борборубуздун так ортосунда жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты күйгөн бойдон турат. Эмне үчүн аны курса болбойт? Эмне үчүн аны оңдосо болбойт?» — деп суроо салды ал.

*Бишкектин борбор бөлүгүндө жайгашкан Башкы прокуратуранын мурдагы имараты 2010-жылкы революцияда өрттөлгөн. Мэрия өрт жалмаган имаратты жарнама баннерлерин илип жаап койгон. 2020-жылы имаратты оңдоп, ал жерге Бишкек шаардык мэриясыны жайгаштыруу пландалганы айтылган.

Мадумаров «Ысык-Көл» мейманканасынын жери мурда кытай инвесторлоруна сунушталганын белгилеп, аны бузуунун артында ушул кызыкчылык болушу мүмкүн дейт.

«Ал жерде чоң жер бар, идея кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен “ошол жерге бир имарат курабыз” деген бир долбоор болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун да тиешеси болушу керек [...] Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болуп саналышы керек эле. Мүмкүн республикалык деңгээлде болбосо дагы, жок дегенде Бишкектин деңгээлинде тарыхый, архитектуралык, маданий имарат деп кабыл алынышы керек эле. Аны ким, эмне үчүн чыгарды ал тизмеден? Бул чоң маселе» — деди Мадумаров.

«Ысык-Көл» мейманканасы. Сүрөт: «24.kg»

«Ысык-Көл» мейманкана комплекси Бишкектин түштүк тарабында 1984-жылы Кыргыз ССРнин 60-жылдыгына карата курулган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Бишкек башкы архитектура» мейманкананы архитектуралык эстелик макамынан ажыраткан.

Ал эми 24-декабрда президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасы «көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга жеткенине байланыштуу» аны бузууну чечкен. Алдын ала маалыматка ылайык, ал жерге Ак үй салуу пландалууда.