Нарындагы контейнер мектеп: 150 орундуу жаңы имарат пайдаланууга берилди

Буга чейин окуучулар контейнерде билим алууга аргасыз болгон Нарын районунун Кеңеш айлында 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казалы Абиров атындагы мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 57 миллион 937 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш ишин «ЭМГ-СТРОЙ» компаниясы ишке ашырды. Учурда мектепте 172 бала билим алып, 22 мугалим эмгектенет.

Эки кабаттуу, бардык шарты бар заманбап мектептин имаратынын ачылышына президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Чуу жараткан контейнер мектеп

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянсак, Кеңеш айылындагы орто мектеп 1971-жылы ашар жолу менен курулган. Мектеп авариялык абалга келгендиктен 2019-жылы мамлекеттик бюджеттен жаңы имарат курууга акча бөлүнгөн.

2019-жылдын 2-сентябрынан тарта Кеңеш айлындагы мектептин окуучуларынын бир бөлүгү темир контейнерлерде окуй башташкан. Бул мектептин жогорку класстары окуп жаткан корпус расмий түрдө авариялык абалда деп табылгандыктан контейнерлерге көчүп барууга аргасыз болушкан.

Контейнер мектептин ачылышында тартылган сүрөттөр коомдук тармактарда терс пикирлерди жараткан. Бул ызы-чуунун шартында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Окуядан кийин контейнер мектептин окуучулары шашылыш түрдө ошол эле айылдагы билим берүү клубуна которулган.

Мектептин директору, жергиликтүү бийлик убактылуу пайдаланып туруу үчүн клубду оңдоп-түзөөгө 1 миллион сом бөлгөнүн билдирген.

2019-жылдын сентябрь айында Мамлекеттик курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Керимжанов «Клоопко» маек куруп, Кеңеш айылындагы чуулгандуу контейнер мектеп 2020-жылдын сентябрь айында ишке берилерин билдирген. Бирок мектептин курулушу кечеңдеген.

Контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп 2021-жылдын сентябрь айында гана салынып бүткөн. Бирок анын эң негизги кире бериши архитектуралык планга кирбей, унутулуп калган. Мындан улам аны кайрадан салыш үчүн 3,5 миллион сомго кайрадан тендер өткөрүлгөн.