Нарын облусу: Контейнер мектептин окуучулары 2020-жылы жаңы мектепке ээ болушат

Нарындагы чуу жараткан контейнер мектептин окуучулары 2020-жылдын сентябрынан тарта жаңы мектеп имаратында окуй башташат. Бул тууралуу «Клоопко» Мамкурулуштун директорунун орун басары Жумабай Керимжанов билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөт жаңы мектептин курулуш ишин аткара турган компанияны аныктай турган тендер өткөрүп жатат.

«Каржылоону толук эске алуу менен ишти кийинки жылы бүтүрүүнү пландап жатабыз. Бардык долбоордук документтер даяр», — деди Керимжанов.

Финансы министрлиги болочоктогу мектеп имаратынын пайдубалын куйдуруу үчүн жергиликтүү бийликке азырынча 2 миллион сом бөлүп берген. Андан аркы каражаттарды министрлик курулуштун жүрүшүнө жараша берип турмакчы.

Контейнер мектептен айылдык клубдун имаратына көчүү

Үстүбуздөгү жылдын 2-сентябрынан тарта Нарын облусунун Кеңеш айлындагы мектептин окуучуларынын бир бөлүгү темир контейнерлерде окуй башташкан. Бул мектептин жогорку класстарынын окуучулары алар окуп жаткан корпус расмий түрдө авариялык абалда деп табылгандыктан контейнерлерге көчүп барууга аргасыз болушкан.

Контейнер мектептин ачылышында тартылган сүрөттөр коомдук тармактарда терс пикирлердин толкунун жараткан. Контейнерлердин салтанаттуу ачылышы тартылган сүрөттөрдө жогорку мансаптагы аткаминерлер — Нарын районунун акими Семетей Чажакбаев, облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги Касымбек Мамытов жана башка мамкызматкерлер катышып жатканы чагылдырылган.

Бул ызы-чуунун шартында билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз ыктыярлары менен ээлеген кызматтарынан кетишкен.

Окуядан кийин контейнер мектептин окуучулары шашылыш түрдө ошол эле айылдагы билим берүү клубуна которулган.

Билим берүү клубу

Мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, жергиликтүү бийлик убактылуу пайдаланып туруу үчүн клубду оңдоп-түзөөгө 1 миллион сом бөлгөн. Учурда ал жакта жогорку класстардын 90 окуучусу билим алып жатат.

Ал эми кенже класстардын окуучулары дагы деле авариялык эмес деп табылбаган мектептин корпустарынын биринде окуп жатышат.

Материалдын үстүндө иштегендер: Карина Акунова, Ажар Бакирова, Алтынай Нурбекова, Карина Байлярова