Ошто облустар аралык оорукананын бөлүм башчысы жол кырсыгынан каза тапты

25-декабрда Оштогу облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын рентген бөлүмүнүн башчысы Сүйүнбек Кочкоров жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум 51 жашта болчу. Кесиптештери аны чын дили менен кызмат өтөгөн кесипкөй дарыгер катары сыпатташат.

«Ал өзүнүн ак ниет патриоттук сезимин биринчи кезекке коюп, билимин, жанын аябай эмгектенчү. Анын жаркын элеси дайыма кесиптештеринин жүрөгүндө сакталат», — деп эскеришти алар.

Сүйүнбек Кочкоров Жалал-Абад облусунун Ноокен айылында төрөлгөн. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, эмгек жолун үй-бүлөлүк дарыгер катары баштаган. 2001-жылы Ош облустук ооруканасынын рентген бөлүмүнө дарыгер-рентгенолог болуп орношкон. 2017-жылы аталган бөлүмгө жетекчи болуп дайындалган.

Кочкоров 23 жылдан ашык иш тажрыйбасында калктын ден соолугун чыңдоого бар күчү менен алгылыктуу салым кошкон. Кесиптештери дарыгердин уюштуруучулук жөндөмүн, талыкпас энергиясын жана ишин биринчи орунга койгон инсан экенин белгилешти.

«Пандемия башталганда COVID-19дун жайылышына жол бербөө максатында дарыгердик антына бекем туруп, күнү-түнү бейтаптардан жардамын аяган эмес», — деди алар.