Президенттин иш башкармалыгы: «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамимарат курулат

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, мындай чечим «акча каражаттарын рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу» максатында кабыл алынган.

Ведомстводон бир канча жылдан бери мейманкананы ремонттоп, эл аралык талаптарга жооп берүүсү үчүн заманбап кылуу максатында инвесторлор, алардын ичинде чет элдик инверсторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгилешти.

Президенттин иш башкармалыгынан ал жакка эч ким инвестиция салгысы келбей имарат 13-14 жылда жараксыз абалга келгенин кошумчалашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатканын билдиришти. Жаңы имаратты чет элдик инвестиция тартпастан, президентин иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекциясы жүргүзөт.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын бузуу тууралуу оюн айткан. Саясатчынын оюнча, бийликти мейманкананын жери кызыктырат.

Ага президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп берип, Мадумаров «ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим жаратууда» деп билдирген.

«Ысык-көл» мейманканасын бузуу

24-декабрда «Клоопко» президенттин иш башкармалыгы «Ысык-көл» мейманканасы бузуларын тастыктаган.

Ведомстводон мейманканын имараты көп жылдан бери бош тургандыктан, эскирип, авариялык абалга келип калганын, ошондуктан мындан ары эксплуатация кылуу коопту жана мүмкүн эмес деп билдиришкен.

«Имарат башкаларга коркунуч алып келип жатат. Ал жер тосулуп турганына карабастан шаар тургундары көп келет. Имарат күтүүсүздөн урап кетиши ыктымал жана ал жакта жүргөндөр жабыркашы мүмкүн», — деп билдиришкен ведомстводон.

Жеринде иштеп жаткан жумушчулар 24.kg басылмасына бир нече күн мурда президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров келип, жумушту текшерип кеткенин билдиришкен.

«Бул негизи мыйзамдуубу? Аткаминерлер келип, ишти карап кетишти. Алардын айтымында, бул жерге Ак үй курулат экен. Парламент бул жакка көчөрү айтылды. шаардыктар тыгындарга жана жол жабууларга арызданып жатышпайбы. Ошондуктан парламенттин имаратын бул жерге көчүргөн атышат, мөөнөттөрү азырынча белгисиз», — деген өзүн объектте жумушчумун деп тааныштырган бир киши.

«Клооп» президенттик иш башкармалыгынан Ак үй көчүрүлөрү боюнча маалыматты сурады, бирок ведомство берилген суроону жоопсуз калтырды.