Ташиевдин жакын адамы Алтынбек Жумаев президенттин маалымат кызматын жетектейт

Алтынбек Жумаев

Өлкө башчы Садыр Жапаров 28-ноябрда президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Нурай Марсты ээлеген кызматынан бошотту. Анын ордуна «7-каналдын» башкы директору Алтынбек Жумаев дайындалды.

Нурай Марс бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында келген болчу.

Алтынбек Жумаев ким?

Алтынбек Жумаев 2010-жылдан тарта «7-каналдын» башкы директору — телеканалдын юридикалык аталышы «Канал D» телерадиокомпаниясы. Юстиция министрлигинин базасында компаниянын негиздөөчүлөрү катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын «Апрель» коомдук фонду көрсөтүлгөн.

*Юстиция министрлигинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиевге катталган «7-канал» да бар. Бирок эфирге чыккан «7-канал» «Канал D» телерадиокомпаниясына караштуу.

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Жумаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамы. Ошондой эле анын экс-спикер Ахматбек Келдибеков менен да мамилеси бар экени айтылат.

Алтынбек Жумаев Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 28-январында өткөн инаугурациясын уюштуруу комитетине да кирген.

2017-2018-жылдары Келдибековго караштуу «НурТВ» телеканалын жетектеген. Юстиция министрлигинин базасында телеканалдын негиздөөчүсү катары Казыбек Ташиев, башкы директору Залкар Анарбаев көрсөтүлгөн.

Жумаев 1998-жылдан 2009-жылга чейин КТРКда иштеген — телеканалдын башкы директорунун кеңешчиси кызматына чейин көтөрүлгөн. 2009-2010-жылдары Жумаев Чүй облустук «Сары-Өзөн» телекомпаниясынын башкы директору болгон.

«7-канал» жана «рейдерлик басып алуу»

«7-каналдын» негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн Атамбаев компанияны 2018-жылы Майрамкүл Мамбеталиевадан 7 млн сомго сатып алган. Ал эми 2019-жылдын август айында Атамбаев коррупцияга шектелип, телеканал Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган.

Атамбаев камакка алынган соң «Канал D» компаниясынын мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиева телеканалды сот аркылу кайтарууга аракеттенген. Мамбеталиева сатып-алуу келишимде анын колу жасалмаланганын билдирген. Атамбаевге караштуу «Апрель» телеканалы бул аракетти «рейдерлик басып алуу» катары баалаган.

Ал эми октябрдагы төңкөрүштөн кийин телеканал абактан бошотулган Садыр Жапаровдун саясатын колдоп баштаган. Мындан сырткары кезексиз президенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында «7-канал» бир гана Жапаровдун үгүт материалдарын ободон кетирген. Жапаровдун штабы «Канал D» ЖЧКсына жалпысынан 1 млн 300 миң сом которгон.

«7-канал» бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов «Коррупцияга» күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылганда аны «актоого» аракет жасаган. Берүүгө Матраимовду сындаган бир дагы респондент чакырылган эмес.