«Жалгыз Райым коррупционер бекен?» Матраимовду «7-каналда» кантип акташты?

«7-канал» социалдык тармактагы барагында «Райымбек Матраимов камалышы керекпи?» деген талкууну түз эфирде көрсөттү. Ага мурдагы журналист, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо экс-бажычы менен байланышкан «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Элнура Алканованы конок катары чакырган.

Бул канал, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы Казыбек Ташиев тарабынан негизделген. Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров көпчүлүк кайрылууларын дал ушул «7-канал» аркылуу жарыялап келген. Белгилей кетсек, Матраимов УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо иши боюнча Ташиев Германиядан жүрөгүнө операция жасатып келери менен кайрадан кармалган.

«7-каналдын» эфиринде Матраимов тууралуу эмне сөз болгонун айтып беребиз — спойлер, көрсөтүүгө Матраимовго каршы сүйлөгөн бир дагы респондент чакырылган эмес.

Дароо колдогон жок, бирок мындан ары акырына чейин

«7-каналдын» эфиринде алгач мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынында Элнура Алканова Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу суроо берген эски видео көрсөтүлгөн. Андан кийин — бажыдагы коррупция ишин мойнуна алган Райымбек Матраимовду колдоо митинги учурунда мурдагы журналист Алканованын экс-бажычыны колдогонго жеке себептери бар экенин жана акыр-аягына чейин колдоорун айткан репортаж көрсөтүлөт.

Алканова мурда «Азаттыкта» иштеген, ал тургай Матраимовдун расмий кирешеси менен төп келбеген мүлкү тууралуу материалды даярдоого катышкан. Экс-журналист коррупционерди башында колдогон эмес.

Эфирде Алканова Жээнбековдун басма сөз жыйынында айткандарынан баш тартпай турганын билдирди. Ал чиновниктин үй-бүлөлүк адвокатына шилтеме келтирип, Матраимовдун мүлкү декларацияланбаганын жана бул үчүн айып төлөгөнүн айткан.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү көрсөтүлгөн интерактивдүү картага баш багыңыз.

Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандан 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катыштыгы болушу мүмкүн деген далилдерди жокко чыгарууга аракет кылган. Иликтөө «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталат. Бул иликтөө 2019-жылы майда жарыяланган, аны журналист Али Токтакунов жасаган.

Анын айтымында, Токтакунов 700 млн долларды Кыргызстанда Матраимов өзү чыгарып кеткенин айткан, эми Токтакунов ал кандай болгонун айтпай жатат. Бирок 2019-жылдын май айындагы иликтөөдө анда тыянак жок.

Иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрү Айэркен Саймаитини жалдап иштеткен аткезчи Хабибулла Абдукадырдын кланы менен байланышы бар болгону үчүн эскерилет. Журналисттер Саймаитинин Матраимовдор менен дагы байланышын табышкан.

*Саймаити — бизнесмен жана иликтөөчү-журналисттердин маалыматчысы, ал 2019-жылы ноябрда Стамбулдун кафесинде башына ок атып өлтүрүлгөн. Кийинчерек анын жубайы Саймаитинин киши колдуу болушун иликтөөдө аты аталган таасирдүү клан менен байланыштырган.

Мындан тышкары, иликтөөнүн мындан аркы этаптарынын бардык фактылары ачык колдонууда бар жана УКМКга өткөрүлгөн. Мисалы, 2019-жылы киши колдуу болгон иликтөөчүлөрдун маалыматчысы Айэркен Саймаити тууралуу архивдин баары «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин сайттарында бар.

Күнөөнү мойнуна алуу — бул жөн эле сөз

Эфирдин дагы бир коногу адвокат Токторбек Ашыркул уулу болгон. Ал буга чейин коомчулук Матраимов тууралуу башка ойдо болсо, азыр сот отуруму, эл көзүнө кармоо жана келтирген чыгымдын ордун толтургандан кийин өзгөргөнүн айтат.

Ал коомчулуктун Матраимов тууралуу ою сотко чейин кандай болгонун так айткан эмес, бирок 2019-2020-жылдары журналисттик иликтөөлөр чыккандан кийин адамдар коррупция менен күрөшүүнү жана мурдагы мамчиновниктин мыйзамсыз баюусуна реакция кылууну талап кылган митингдерге чыгышкан.

Алып баруучу менен Матраимовдун коррупция боюнча күнөөнү мойнуна алганын жана 2 млрд сомду мамлекетке келтирген чыгымдын ордуна төгүп бергенин талкуулап жатып, адвокат мындай учурда күнөөнү мойнуна алуу — «жөн эле сөз» экенин айткан. Ага карабай адвокат, эгер адам кылмыш кылса жазаланышы керек деп эсептейт.

Ашыркул уулунун пикиринде, пандемия учурунда Матраимов элге жардам бергенин уккан адамдар аны колдоп митингге чыгышкан.

«Ал ушинтип жардам берип атса, эмне үчүн аны камап коюшту деп түшүнбөй калышты», — дейт адвокат.

Бирок 14-февралда 500дөн ашуун адам ар жекшемби күнү өтүүчү тынчтык маршына чыгып, экс-бажычыны кармоону талап кылышкан. Алар Матраимовду күнөөлүү деп таап, бирок тергөө менен кызматташканы үчүн болгону 260 000 сом айыпка жыккан соттун чечими менен макул эместигин билдиришкен.

Адвокат андан тышкары, Матраимовдун чет өлкөдө мүлктөрү бар экенин тастыктаган документтер жок экенин билдирген. Ал эми журналисттик иликтөөлөрдө мурдагы мамчиновниктин анын расмий кирешесине дал келбеген көптөгөн кымбат баалуу мүлктөрү бар экенин далилдеген документтер келтирилген.

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Көңүлдү буруу

Программага дагы бир журналист Семетей Талас уулу конок болуп чакырылган. Ал эгер Райым Матраимов мамлекетке зыян келтирген болсо, анда эмне үчүн бажынын төрагасы болгон Кубанычбек Кулматовду текшеришпейт деп суроо салган.

*Райымбек Матраимов бажыда 1997-жылдан тартып иштеген, ал эми 2015-жылы бажы башчысынын орун басары болгон — бул кызматты 2017-жылга чейин аркалаган. Кулматов 2013-2017-жылдары бажыга тиешеси жок ар кандай кызматтарды аркалап, бажыга Матраимов кеткен жылы кайтып келип, 2018-жылга чейин төрага болуп иштеген.

Кулматов журналисттердин бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндө иликтөөсүндө фигурант болгон эмес, бирок анын фамилиясы Биринчи май райондук сотунун имаратына Матраимовду колдоп келген тарапташтарынын плакаттарында эскерилген.

Матраимовдун тарапташтары учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, колониядан чыгып бирок кайра кайтып барбаган жана учурда Россияда жүргөнү айтылган экс-премьер-министр Сапар Исаковду жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Программанын алкагында журналист Семетей Талас уулу бажы постторундагы коррупция темасын дагы көтөрүп, азырынча анын масштабынын бетин эч ким ача элек деп билдирди. Семетей Талас уулунун айткандарын Элнура Алканова дагы кубаттады.

Талкууда коноктор «Матраимовдон башка дагы коррупционерлер бар» деген пикирге токтотулушту.

«Матраимов эмне жалгыз эле коррупционер бекен? Ал эмне бажыда жалгыз эле иштептирби? Мамсистемада өзү жалгыз иштептирби?» — деп суроо салды Алканова. Ал Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков жөнүндө айткысы келип, бажы тармагын «президенттердин жем жеген акыры» болгон деп билдирди.

«Ал чыккысы келбейт»

Алканованын айтымында, Матраимовду куугунтуктоо «саясий иш болгон», ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрү көчөгө чыгуудан коркуп жатышат. Алканова алардын «акчасы жок» дейт — мурдагы журналист буга чейин да ушундай эле версияны айтып, Матраимовдун туугандары мамлекетке келтирилген зыянды төлөш үчүн мал-мүлкүн сатып, кредит алышканын билдирген.

Алканова Матраимов өз чындыгын далдемейин «эркиндикке чыккысы келбей жатканын» айтат — анткен менен журналист өзү да Матраимовдун тарапташтары менен аны бошотууну талап кылып бир нече жолу митингге чыгышкан.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

Коррупциялык жаңжал 3 миң долларлык айып менен аяктады. Эң маанилүү жагдайлар

Иликтөө. Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн?

Матраимовдун бажы империясы